Балыкты ток менен кармаган жаран камакка алынганы айтылды

Сууга ток салуу менен балык кармаган жаран колго түшүп, камакка алынды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдөн күн сайын миңдеген чакырымга жеткен балык кармоочу торлор чыгарылып жатат.

"Тиешелүү кызматтар браконьерлер менен күрөшүүнү улантышууда. Тор салып, ток менен балык кармаган жаран колго түшүп, камакка алынды. Андыктан, жаратылышка зыян келтирүү аракетинен алыс болуңуздар",- деп жазды Орунбеков.

Учурда жан-жаныбарларга аңчылык кылуунун айып пулу көбөйгөнүн жана камакка алуу жазасы бар экенин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан