Бүгүн, 20-ноябрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында курула турган жаңы перинаталдык борбордун пайдубалына мезгил капсуласын салуу аземи өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары жана медициналык кызматкерлер катышты.
Жаңы перинаталдык борбор 2 кабаттан туруп, 249 орунга ылайыкташтырылмакчы. Блоктун түзүлүшү төмөнкүдөй болот:
- 1-кабат: кабыл алуу бөлүмү, операция жасоо залдары жана төрөт бөлмөлөрү
- 2-кабат: аялдар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмү, неонаталдык кароо (интенсивдүү терапиядан чыгарылган ымыркайлар үчүн) жана ымыркайлар бөлүмдөрү
Белгилей кетсек, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу Германиянын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.