Бишкекте жол тыгынын жөнгө салган аялдын видеосу тарады (видео)

Бишкекте жол тыгынын жөнгө салган аял элдин көңүлүн бурду. Окуянын видеосун Ленин РИИБинин басма сөз кызматы да бөлүштү.

Аталган көрүнүш борбор калаадагы Чүй проспекти менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда жол чырак иштебей калгандыктан, тыгын пайда болгон. Көрүнүштү байкаган аял андагы унаалардын агымын 20 мүнөттөй жалгыз башкарып турган.

Жол тыгынын жөнгө салган аял такси кызматында иштей турганы айтылды.

Көп өтпөй Ленин РИИБинин кызматкерлери жардамга келишип, тыгынды жөнгө салууну улантып кетишкен.

Бишкекте жол тыгынын жөнгө салган аялдын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан