Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин айрым мугалимдери студенттерге чет өлкөлүк университеттерден жасалма академиялык аныктамаларды жана транскрипттерди бергени, анын негизинде 200гө жакын студент КМТУга мыйзамсыз которулганы такталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында КМТУнун кафедра доценти Ш.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз ишке катышкан КМТУнун башка мугалимдери жана администрация кызматкерлери аныкталууда.