Бишкек шаарындагы Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан "Old Bishkek" комплексинин айланасында ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Буга чейин социалдык тармактарда жолдун тарып калганы да айтылган. Аталган долбоордун жетекчиси Нариман Түлеев айтылган сындарга "Кабар" маалымат агентигине маек берип жатып жооп берди.
Анын айтымында, долбоор бир-эки айдын ичинде бүтөт.
"Мен биринчи бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап коюптур десеңер, кайра жасап берем. Бул жердеги 350-400 метрдей жерди көрктөндүрүү үчүн көп нерсе алып келдим. Бул аймакты силерге Кыргызстандын Монте-Карлосу кылып берейин. Астын өзүнчө эле шаар кылдык.
Мен дүйнөнүн баарын көрүп келдим, ошол тажрыйбамды колдонуп жасап жатап. Бир-эки ай чыдап койгула", - деген ал.