Өлкөгө күйүүчү май 3 мамлекеттен импорттолуп жатканы айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Министрлер кабинети өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында Беларус, Азербайжан жана Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат.

Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ар күнү көзөмөлдөнүп, абал турукташтырылып келет", - деди ал.

Ошондой эле Төрөбаев күз-кыш мезгилдерине болгон даярдыктар боюнча маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан