Бүгүн, 20-ноябрда Ош шаарында "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын жаңы имараты ачылды.
Иш-чарага катышкан ырчы Алтынай Нарбаева калаа мэри Жеңишбек Токторбаевди алкады.
"Биз сизди абдан жакшы көрөбүз. Түрк сериалдары да сизден кызыксыз. Биз сүйүүбүздү айта албасак дагы сыртыбыздан лайк басып, комментарий жазып жатабыз", - деди ал.
Ырчы андан соң мэрдин иш-чараларда элге колу менен жүрөк тартып көрсөткөн ыкмасын кайталап, Токторбаевдин өзүнө көрсөттү.