Депутат Сайдулла Нышанов Бишкектин көчөлөрүнүн жарыктарын өчүрүп, аны шаардагы жарыгы жок калган үйлөргө берүүнү айтып чыкты
"Азыр Бишкектин көчөлөрүндө жарык жаркырап күйүп, ал эми үйлөр жарыгы жок отурат". Мындай пикирди депутат Сайдулла Нышанов ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн жарыгын өчүрүп, жарыксыз отурган үйлөргө электр энергия берүү керек. Буга жооп кылып Бишкектин вице-мэри Мурат Исмаилов: "Учурда шаардагы көчөлөрдүн 80 пайызынын жарыгын өчүрдүк. Айрым көчөлөрдөгү жарыктарды түнкү саат 11:00гө чейин гана берүүнү пландап жатабыз" деди.