
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги республикалык “Жаш акын” кароо-сынагын жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кечээ, 20-ноябрда кабарлады.
Маалым болгондой, сынак жаш акындарга чыгармачыл талантынын ачылышына, поэзия дүйнөсүндө биринчи кадамдарын жасоого жана өз үнүн коомго угузууга чоң мүмкүнчүлүк жаратат.
Катышуу акысыз болуп, 5-декабрга чейин акын 5 автордук ырын
jashakyn2025@gmail.com электрондук дарегине жиберет. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган. Кошумча маалымат үчүн
0550 30 68 08 (WhatsApp) номуруна байланышса болот.