Бишкектик “Дордой” футболдук клубу машыктыруучулук кызматка сербиялык Завиша Милославлевичти алып келет

Бишкектик “Дордой” футболдук клубу машыктыруучулук кызматка сербиялык Завиша Милославлевичти алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда клубдун расмий сайты кабарлады.  

Маалыматка ылайык, клуб жаңы машыктыруучуну 23-февралда расмий түрдө тааныштырат. Эске салсак, “Дордойдун” мурунку машыктыруучусу Сергей Дворянков 2013-жылы  кызмат ордун бошоткон. ТОП-Лиганын 2013-жылкы сезонунун акыркы оюндарында “Дордойду” машыктыруучу катары Анарбек Ормонбеков жетектеген.

Завиша Милославлевич Пакистан курама командасын машыктырып, футбол коомчулугуна таанылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан