Баткен шаарында азык-түлүк жарманкеси өттү 

Кечээ, 20-ноябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда күзгү айыл чарба продукцияларынын жана күнүмдүк керектелүүчү азыктардын жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Облус башчысы Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаевдер жарманкенин жүрүшүнө күбө болушту.
Анда дыйкан фермерлер, жергиликтүү өндүрүүчүлөр, арзан баадагы продукцияларын жайышты.
Учурда айыл чарба жарманкеси күн сайын облустун район, шаарларында уюштурулуп жатат.
Белгилей кетсек, жарманкеде эт 640-650 сомдон сатылууда.
Жарманкенин максаты - жергиликтүү калкты негизги керектелүүчү азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу жана аймактагы бааларды турукташтыруу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан