Кечээ, 20-ноябрда Жалал-Абад облусунда 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Көк-Ирим тоолорунда, Сары-Булак айылынан түштүк-чыгышка 13 чакырым, Табылгы айылынан түштүк-батышка 19 чакырым, Арал айылынан түштүккө 27 чакырым жана Казарман айылынан түштүк-чыгышка 30 чакырым аралыкта болгон.
Эл жыш жайгашкан аймактарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.