Өлкө аймагында бир сутка ичинде, 20-ноябрда 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 24 күжүрмөн эсеп тартылып, 2 чыгуу болгон.
Аймактардагы өрт кырсыгынын саны:
- Бишкек шаарында – 3;
- Ош шаары – 3;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 2.