Манас шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун 10 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Шаардык мэриянын чоң жыйындар залында уюштурулган иш-чарага калаа мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, калаадагы мекеме иш-каналардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Маалымат борбору – Манас шаарынын мэриясына жана Манас шаардык депутаттар кеңешине түз баш ийүүчү, бардык башка муниципалдык бирдиктердей эле өз алдынча чарба жүргүзүүчү структуралык бөлүм. Борбор – шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин гана маалыматтарын эмес, калаадагы муниципалдык мекеме-ишканалардын да маалымат саясатын жүргүзөт.
Эскерте кетсек, Маалымат борборунун тарыхы 2015-жылдан башталат. Ошол жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин чечиминин жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругунун негизинде “Жалал-Абад үнү” гезит-редакциясынын ордуна Маалымат борбору түзүлгөн. 20-ноябрда Юстиция башкармалыгынан катталып, өз алдынча юридикалык статус алган.