Катардын борбору Доха шаарында UFC Qatar: Tsarukyan vs Hooker турниринин расмий салмак өлчөө аземи болуп өттү. Ири мелдеш алдында бардык мушкерлер окшош процедурадан өтүп, абалдары жактырылды.
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу да октагонго чыгууга толук даяр экенин көрсөттү. Ал дүйнөдөгү эң мыкты ММА лигасындагы кезектеги беттешин тажрыйбалуу атаандаш Жек Херманссонго каршы өткөрмөкчү.
Күрөш 22-ноябрда өтөрү белгилүү. Турнир күйөрмандар тарабынан чоң кызыгууну жаратты жана Дохадагы мелдеш дагы бир күчтүү шоу болору күтүлүүдө.