"Дордойдон" 10 ай ичинде канча суммадагы салык жыйналганы айтылды

"Дордой" соода-базар комплексинде 15-марттан 15-августка чейинки аралыгында "Базар" маалыматтык системасы пилоттук негизде иштетилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын негизинде 10 айда 727 миллион сомдон ашык салык жыйналган. Пилоттук долбоордун жүрүшүндө базардын администрациясы өзү салык агенти болуп, ишкерлердин салыктык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн эсепке алуу жана көзөмөлдөө милдетин аткарган.
"Базар" системасы иштегени "Дордойдогу" 13 миң 697 салык төлөөчүдөн айына 100 миллион сом чогултулган. Бул көрсөткүч мурун болжол менен 30 миллион сом болгон.
Пилоттук долбоор аталган базарда ийгиликтүү сыналгандан кийин "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларында да ишке киргизилген. Салык кызматы бул системаны өлкөдөгү бардык базарларга жайылтуу пландалып жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан