Биз социалдык тармакта

ИИМ Темирлан Султанбеков кармалганын билдирди (видео)

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик анын массалык башаламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөнүн белгиледи.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Султанбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, ал милицияга жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
ИИМ жарыялаган видедон ал белгисиз жаран менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Анда анын бийликти алмаштыруу керектигин, Орусия мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоп жатканын айтканын угууга болот.
ИИМ ал белгисиз жарандан акча каражатын сурап кайрылганын белгилеп, төңкөрүш уюштурууну көздөгөн дагы бир катар адамдар менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы кармалганын кошумчалады.
ИИМ Темирлан Султанбеков кармалганын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан