Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын билдирди.
Атайын кызмат ал өзүн жарандарга УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, ИИМ өндүрүшүндө турган кылмыш ишин козгоону токтотууга жардам берүүнү убалап, жабырлануучулардан жалпы 3 миллион сом алган.
Кийин берген убадасын аткарбагандыгы үчүн жаранга карызын кайтаруунун ордуна, аларга кысым көрсөтүп, "Кызмат адамына пара берүү боюнча" кылмыш ишин козгоо менен коркуткан.