Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер болгон 4 адамга айып пул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3 талапкерге шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн 7500 сом, ал эми 1 талапкерге атаандашынын ар-намысына шек келтиргени үчүн 12 000 сом айып пул чегерилген.
№22 шайлоо округунан талапкер Эмилбек Абдыкадыровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үгүт иштерин бузган маалыматтарды таратканы аныкталса, №12 шайлоо округунан талапкер Нуркан Койчуманова менен №10 шайлоо округунан талапкер Жыргалбек Саматовдун жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүшкөнү такталган.
№6 шайлоо округунан талапкер Бекболот Арзибаев болсо ошол эле округдан талапкер Кудайбердиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткан.