Бишкекте 35 жаштагы 3 жана 34 жаштагы 1 жаран бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Райондук милиция окуя бүгүн, 23-ноябрда саат 04:20 чамасында Алыкулов жана Өмүракунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун белгиледи. Жаңжал учурунда кайчы жана айнек бөтөлкө колдонулган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.