Актёр Эрмек Таалайбеков менен жубайы, блогер Бекзада Жолборс жаңы эки кабаттуу ак өргөөсүн көрсөттү. Бул тууралуу видеону түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.
“Өзүңүздөр күбө болгондой, 2 жыл ушул кыялдагы үйдү салып келип, мына эми кирип алдык. Буюрса, азыр жазып жатып ыйлап да, ыраазы болуп да жатабыз. Аллага миң мертебе ыраазыбыз, ата-энелерибизге, туугандарга, досторго, жакындарга жана сиздерге да.
Жугуштуу болсун. Ар бир үй-бүлө жок эле дегенде ушундай үйдө жашасын”, - деп жазды блогер.
Белгилей кетсек, түгөйлөр учурда бир кызды тарбиялап келишет.