Акматбек Султан уулу: "Апамдын "ак сүтүмө ыраазымын" дегени аябай толкунданты"

Төкмө акын Акматбек Султан уулу "Кенч" Ютуб каналына маек берип, апасынын сөздөрү аны толкундантканын айтты.

"Апам айтып жатпайбы "ак сүтүмө ыраазымын" деп, анын ошол сөзү аябай күтүүсүз болду. Бул сөз ар бир кыргыз баласы уккусу келген, адам баласы сезгиси келген сөз. Мага ошол сөздү айтканы үчүн аябай кубандым", - деген ал.

Буга чейин Акматбек Султан уулу Казакстанга айтышка барып, байгелүү келген. Маекте ата-энеси Кыргызстанга келгенин, аларды 9 жыл күткөнүн айткан. Мындан тышкары, чыгармачылыгы жөнүндө да маек курган.

Акматбек Султан уулу: Апамдын "ак сүтүмө ыраазымын" дегени аябай толкундатты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан