К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында 21-январь күнү казак скрипачы Аскар Дүйсенбаевдин концерти өтөт.
Маалыматка ылайык, концертте А. Дүйсенбаев өз чыгармаларын, ошондой эле “Манас” президенттик камералык оркестринин дирижёру жана скрипач Эрнис Асаналиев менен биргеликте композицияларды тартуулайт. Концерттик программада А.Вилвальди, В.Моцарт, Н.Скалкотас, Й.Баз, А.Серкебаевдин чыгармалары жаңырат.