
Кечээ, 23-ноябрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, министрликтин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты.
Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарышты.