Чүй облусунда мыйзамсыз баңгизаттарды жана курал-жарактарды жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрда милицияга Москва районундагы Садовое айылында Р. аттуу киши баңгизаттарды колдонуп, үйүндө баңгизаттарды жана курал-жарактарды сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө 1966-жылы туулган У.Р. аттуу жаран кармалды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) жана 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, төмөнкү заттар алынган:
- анаша жыттуу, күрөң түстөгү эки пакети (салмагы 138 грамм жана 102 грамм);
- баңгизаттарды чегүү үчүн жасалган түтүк;
- пластик бөтөлкө;
- жасалма тапанча;
- обрез мынтыгы;
- граната;
- 8 даана ок, 1 даана патрон, 1 даана гильза;
- кутучада порох;
- 2 бычак.
Бардык алынган буюмдарга жана заттарга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Текшерүү иштери улантылууда.