Бүгүн, 25-ноябрда Кытайдын Long March-2F ракета учуруучу аппараты "Шэньчжоу-22" кемесин орбитага чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын космостук аппараттар башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып жазышты.
Космостук кеме космостук таштандылардан жабыркаган "Шэньчжоу-20" кемесинин ордуна экипажсыз учат.
Эске салсак, Tiangong космостук станциясындагы кытайлык астронавттар "Шэньчжоу-20" кемесинин бузулушунан улам Жерге кайта алышпай калган. Андыктан аларга 31-октябрда "Шэньчжоу-21" космос кемеси учурулуп, астронавтарды алмаштыруу жүргүзүлгөн.
Эми алмаштыруу үчүн барган Чжан Лу, У Фэй жана Чжан Хунчжанды Жерге кайтаруу керек.