Казакстандын легендарлуу мушкери Геннадий Головкин эл аралык World Boxing федерациясынын президенти болуп бекитилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул чечим 23-ноябрда Римде өткөн конгрессте кабыл алынды. Головкин жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп, көз карандысыз комиссиянын текшерүүсүнөн өткөндөн кийин конгресс тарабынан бир добуштан колдоого алынган.
World Boxing - 2023-жылы IBA'нын Эл аралык Олимпия комитети тарабынан таануусун жоготкондон кийин түзүлгөн уюм. Ал эми ышкыбоз жана олимпиадалык боксту дүйнөлүк деңгээлде координациялайт. Головкин буга чейин уюмдун Олимпиадалык комиссиясын жетектеп, бокстун 2028-жылкы Олимпиада программасында сакталышына салым кошкон.
Головкин - 2003-жылдын дүйнө чемпиону, Афина-2004 Олимпиадасынын коло байге ээси жана профессионалдык бокстун жылдызы. Ал карьерасында 45 беттеш өткөрүп, 42 жеңишке жеткен (37 нокаут).