Дүйнөдөгү абдан активдүү жанар тоолордун бири болгон жана болжол менен 1 жыл ичинде 36 жолу лава аткан АКШнын Гавайи штатындагы Килауэа жанар тоосу кайрадан күчтүү лава атышы күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Килауэа 2024-жылдын декабрынан бери белгилүү бир мезгилдерде лава атып жатканы белгиленген.
Билдирүүдө, өткөн жылдын декабрынан бери 36-жолу лава аткан Килауэа жанар тоосунда 21-ноябрь жума күнү башталган лава агымы жана анын коштоосундагы түтүн өз таасирин улантып жатканы айтылган. Жанар тоо кайрадан күчтүү лава атышы мүмкүн деп болжолдонууда.