Орусияда пенсионердин акчасын уурдоого шектелип 20 жаштагы кыргызстандык кыз кармалды

Орусиянын Анапа шаардык Ички иштер башкармалыгы Ростов облусунда 20 жаштагы кыргызстандык кызды жана 19 жаштагы Ростов шаарынын тургунун кармады. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары курьерден 6 миллион рубль өлчөмүндө акча алышканы аныкталган.

"Бул акчалар турак жай сатуудан түшкөн каражаттар болгон, алдамчылыкка кабылган пенсионер акчаны Анапа шаарында өз эсебинен “коопсуз эсепке” салуу үчүн чыгарган. Шектүүлөр уурдалган акчаны криптовалютага айлантышкан", - деп айтылат орус басылмаларынын маалыматында.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду, шектүүлөр 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Полиция кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан