Социалдык тармактарда Бактияр Токторовдун "Адина" ыры кайрадан популярдуулукка жетти. Бул жолу анын ыры дүйнөлүк трендге айланды.
Кыргыз жаштары баштаган бий-челлендж TikTok, Instagram жана YouTube платформаларында кеңири таралууда. Жөнөкөй, бирок жагымдуу бий кыймылдары көптөгөн көрүүлөрдү чогултуп, челленджге Түркия, Казакстан, Корея, АКШ жана Европа өлкөлөрүндөгү контент жаратуучулар да кошулуп, "Адина" дүйнөлүк масштабдагы хитке айланды.
Комментарийде "Бактияр Токторовдун өзүндөй эч ким бийлей албайт го", "Менин 97-жылы шаарга студент болгон кезимди эске салат го бул трендиңер", "Бул ыр жаңы чыккан убакта эле хит болгон" деген сыяктуу пикирлер жазылууда.