Индонезиядагы аралдардын биринде сел жүрүп, 10 адам каза болду

Индонезиянын Суматра аралында сел жана жер көчкү болуп, 10 адам каза тапты. Дагы алты адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

Катуу жааган жамгырдан улам дарыялар ташып, агын суулар 470 үйдү каптаган.

Эң көп жабыркаган аймактардын бири Сиболга шаары экени айтылды. Бул жерде беш адам каза болуп, үчөө жаракат алган. Куткаруучулар төрт дайынсыз жоголгон адамды издөө иштерин улантышууда. Борбордук Тапанулиде болсо төрт адам каза болду. Жалпысынан болжол менен эки миңге жакын үй жана имарат суу алдында калды.

Полиция башчысы Эдди Ингантанын айтымында, Сиболгада жабыркагандар үчүн убактылуу жайгаштыруу борборлору ачылды. Бийлик жаңы жер көчкү коркунучу бар экенин эскертип, кооптуу аймактардагы тургундарды дароо эвакуацияланууга чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан