Гонконгдо 5 миңге жакын адам жашаган турак жай комплексинде өрт чыгып, кырсыктан каза болгондордун саны 44кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар өрттү токтотууга аракет кылып жаткандыктан, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Аталган тилсиз жоону өчүрүү иштери болжол менен 16 саатка созулган. Учурда дагы 279 адамдын кайда экени белгисиз болууда. Ал эми өрттөн жаракат алган 29 адам ооруканага жаткырылган.
Белгиленгендей, тилсиз жоо 26-ноябрь күнү эртең менен башталып, тез эле 30 кабаттуу үйгө жайылып кеткен.
Окуяга шектүү катары үч адам кармалып, камакка алынган.