Австралиянын Уэльс жээгинде акула аялга жана эркек кишиге кол салганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аял окуя болгон жерде каза болгон, ал эми эркек жаракат алып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Окуя жээктеги обочолонгон аймакта болгон.
Окуядан кийин пляждар жабылган.
Бийлик акуланын түрүн аныктоо үчүн иликтөө баштады. Аймактагы жээк сууларын көзөмөлдөө үчүн дрондор жайгаштырылууда, операторлор жырткычты издеп жатышат.