Путин Орусия Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты

Орусия Украина менен макулдашууну каалайт, бирок юридикалык жактан азырынча бул мүмкүн эмес. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин РИА Новости агенттигине билдирди.

Ошол эле учурда Путин Москва келечекте Киев менен келишим түзө аларына үмүттөнүп жатканын айтты.

CNN маалымдагандай, Украина Трамптын жаңы планынын үч негизги пунктун четке каккан. Москва болсо АКШ тарабынан сунушталган демилге боюнча кабары бар экенин айткан, бирок аны эч ким менен талкуулаган эмес.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, талкуу келерки жумада, Трамптын атайын элчиси Стив Уиткофф жана америкалык топтун башка мүчөлөрү Орусияга келгенде башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан