ЖКда Бишкектин аймагына мыйзамсыз үй салып алган жарандар, аларга токтом чыгарып берген жетекчилер боюнча маселе каралууда
"Азыр Бишкекте мыйзамсыз үй салып алган жарандар жазаланат да, ал жерге уруксат берип, токтом чыгарып бергендер жазаланбайт". Мындай пикирди депутат Эркингүл Иманкожоева билдирип, шаардагы мыйзамсыз түрдө салынып жаткан курулуштарга токтолду. Анын айтымында, эгер жарандар мыйзамсыз түрдө уруксат берилбеген жерге үй салып алып, ал кийин белгилүү болуп, ошол курулуш кайра мэрия тараптан бузула турган болсо, жарандардын чыгашасын токтом чыгаргандар төлөп бериши керек. Депутат ошондой эле сейил бактарындагы мыйзамсыз дарак кыюулар боюнча маселе көтөрдү. "Мен азыр дарактарды кыюуга айып пул салуу боюнча маселе көтөрүп жатам. Орусияда бир дарак кыйса мынча рубль, эки дарак кыйса мынча" деген мыйзам бар. Биз да ушундай айып пул салуу менен парктарды сактап кала алабыз" деди эл өкүлү.