АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук гвардиянын аскерлерине чыгарылган октон жаракат алган 20 жаштагы Сара Бекстром каза болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз сөз кылып жаткан аскерлердин бири Сара Бекстром өзүн бардык жагынан көрүнүктүү инсан экенин далилдеген. Ал жаңы эле дүйнөдөн кайтты. Ал азыр биз менен эмес",- деген Трамп аскерлер менен жолугушуу учурунда.
Маалыматка ылайык, Улуттук гвардиянын жаракат алган экинчи аскери, 24 жаштагы Эндрю Вольфтун абалы учурда оор. Жергиликтүү бийлик ок атууга шектелгендердин бири Ооганстанда туулган 29 жаштагы Рахманулла Лаканвал кармалганын билдирди.
Белгилей кетсек, 25-ноябрь күнү Вашингтондо белгисиз жаран Улуттук гвардиянын аскерлерине ок чыгарып, андан эки аскер жаракат алган.