Ырчы Эдил Маматов “Күтпөйм эми” чыгармасына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына билдирди.
Ырчынын айтымында, Эрнист Сыдыков режиссёрлук кылган клип 3-4 күн ичинде Бишкектин аймагында тартылды. Клипте эки жигит менен бир убакытта сүйүү даамын татып жүргөн кыз тууралуу баяндалат.
Клиптеги кыздын ролун Элвира Жумалиева, ал эми жигиттердин ролун Кубат Тургумбаев жана Амантур Мусаев аткарган.
Белгилей кетсек, Кубат Эдил Маматовдун айрым ырларынын автору.