Перунун Жогорку соту өлкөнүн мурдагы президенти Педро Кастильону 11 жыл, 5 ай жана 15 күнгө эркинен ажыратты. Бул тууралуу Agence France-Presse жазды.
Маалыматка ылайык, Педро Кастильо Перунун президенти кызматын 2021-жылдын 28-июлунан 2022-жылдын 7-декабрына чейин ээлеген.
Сот аны козголоң чыгарган жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп тапты. Ал өзүнүн башкаруусунун акыркы күнүндө өлкөнүн парламентин таркатуу буйругун берген. Президенттин буйругунан бир нече саат өткөндөн кийин ага импичмент жарыяланып, аялы жана балдары менен кошо кармалган. Педро Кастильо өлкөдө масштабдуу саясий өзгөрүүлөрдү жүргүзүү пландарын жарыялап, жаңы өзгөчө өкмөт чакырган.
Педро Кастильонун ордун Дина Болуарте ээлеген, ал 9-октябдан 10-октябрга караган түнү импичменттин жүрүшүндө президенттик кызматтан четтетилген. Сот Дина Болуартени 2023-жылы президенттик кызматты эки жумага таштап кеткени жана бул тууралуу Конгресске билдирбегени үчүн айыптаган. Ага ошондой эле коррупция боюнча айыптар тагылган.
10-октябрдан тарта Перунун президенти Хосе Хери болгон. Эске салсак, Перуда өлкөнүн дагы бир мурдагы президенти Мартин Вискарра 14 жылга эркинен ажыратылды, ал бул кызматты 2018-жылдын 23-мартынан 2020-жылдын 9-ноябрына чейин ээлеген. Сот аны пара алган деп тапты.