Кувейтте он жыл бою айлык алып, бирок жумушка чыкпаган мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Аl Qabas басылмасы жазды.
Маалымдалгандай, Кувейттин Кассациялык соту (Жогорку соту) мурда мамлекеттик мекеменин кызматкерин актаган биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык соттун чечимдерин жокко чыгарып, жаңы өкүм чыгарды. Ага ылайык, кызматкер 5 жылга эркинен ажыратылды.
Иштин материалдары боюнча, кызматкер 10 жыл бою иш жүзүндө жумушка чыкпаса да, айлык алып турган. Бул аралыкта ал мыйзамсыз түрдө 104 миң кувейт динарын (338 400 доллар) алган. Сот аны мамлекетке келтирилген зыяндын бардык суммасын кайтарып берүүгө милдеттендирди, ошондой эле эки эселенген өлчөмдө айып пул салды. Натыйжада ал 312 миң динардай (1 016 000 доллар) төлөшү керек. Мындан тышкары, кызматкер ээлеген кызматынан дагы ажыратылды.