Трамптын администрациясы 19 өлкөдөн келген иммигранттардын грин-карталарын кайрадан карап чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук гвардиянын аскерлерине Ак үйдүн жанында болгон куралдуу кол салуудан кийин кабыл алынган. АКШнын жарандык жана иммиграция кызматынын директору Жозеф Эдлоу президент ага кооптуу өлкөдөн келген ар бир жарандын жашыл картасын кылдат текшерүүгө алуу тапшырмасын бергенин билдирген.
Президенттин буйругуна ылайык, 12 өлкөнүн (Ооганстан, Мьянма, Чад, Конго, Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен) жарандарына АКШга кирүүгө толук тыюу салынды. Дагы жети өлкө ар кандай виза түрлөрүнө байланыштуу жарым-жартылай чектөөлөргө дуушар болгон. Ошондой эле буга чейин кирген жарандардын грин-карталары кылдат түрдө текшериле турганы белгиленген.