Таиландда жана Малайзияда суу ташкыны миллиондогон адамдарга зыян келтирди

Малайзия жарым аралында жамгыр күчөп, өлкөнүн бир нече штаты суу астында калды. Бул он миңдеген адамдарды эвакуациялоого мажбур кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Малайзияда катуу суу ташкындарынан улам эвакуациялангандардын саны 34 миңден ашты. Өлкөдө 180ден ашуун эвакуациялык борборлор уюштурулган. Өкмөт тез жардам күчтөрүн ишке киргизди, коопсуздук кызматтары, куткаруучулар тартылды.

Таиланддын түштүк бөлүгүндөгү тургундар да бир нече күндүк рекорддук жаандан кийин суу ташкынынан жабыркашууда. Бийликтин маалыматы боюнча, кеминде 33 адам каза болуп, жалпысынан 2,5 миллиондон ашуун адам жабыркаган. Түштүк провинцияларда жолдорду жана имараттарды суу каптады. Көптөгөн тургундар үйлөрүндө калып, куткаруучулар аларды кайык менен алып чыгып жатышат.

Метеорологдор кайрадан жаан жаашы мүмкүндүгүн эскертип, калкты суу ташкынынан сак болууга чакырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан