Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 94 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда турак жай комплексинин үстүнкү кабаттарында камалып калышы мүмкүн болгон адамдар каткарылууда. Буга чейин 16-кабаттагы тепкичте аман калган бир адам куткарылды. Каза болгондордун саны дагы да көбөйүшү ыктымал.
Жергиликтүү бийлик турак жай комплексиндеги 8 көп кабаттуу үйдүн төртөөндөгү өрт толугу менен өчүрүлүп, үч имараттагы өрт көзөмөлгө алынганын билдирген.
Аталган турак жай комплексинде 5 миңге жакын тургун жашаганы айтылган.