Буга чейин эле орусиялык ырчы Жанна Фрискенин рак илдетине чалдыкканы тууралуу маалымат каражаттары далай жолу жазып, бирок анын пиар-директору бул маалыматты четке кагып, ырчынын Майамиде жүргөнүн айтып келген. Ал гана эмес, Жаннанын атасы кызынын айыкпас ооруга кабылганы тууралуу маалымат жалган экенин билдирген болчу. Кечээ жакында эле ырчы Шереметьево аэропортунан дарылануу үчүн жарандык никедеги жолдошу Дмитрий Шепелев менен Германияга учуп кеткендиги тууралуу маалымат тараган эле. Бүгүн, 20-январда буга чейин айтылып келген маалыматты Жанна Фрискенин жолдошу Дмитрий жубайынын рак илдетине чалдыкканын расмий түрдө ачыктап, ырчынын сайтына жазып чыкты.
"Бир канча айдан бери биздин үй-бүлөнүн кайгысы болуп келген Жаннанын оорусу эми жалпы элдин кайгысына айланып отурат. Андыктан анын күйөрмандары, жакын санаалаштары чындыкты билиши керек. Ооба, Жанна рак илдетине чалдыгып, биздин үй-бүлөнүн башына каран түн түштү. Биз акыркы мүнөткө чейин Жаннанын ден соолугу үчүн күрөшөбүз. Баарыңыздардан жылуу сөздөрдү айтып, анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууңуздарды суранабыз. Буюрса, жагымдуу кабарыбыз менен барабыз деген үмүтүбүз чоң" деп жазылат Дмитрийдин маалыматында.
Белгилей кетсек, Жанна менен Дмитрийдин 9 айлык Платон аттуу уулу бар.