16 жаштагы индиялык баскетболчу машыгуу учурунда баскетбол шакеги кулап каза болду.
Indian Express гезитинин маалыматы боюнча, оюнчу секирип шакекке асылган. Бирок шакекче тагылган түркүк кулап баланын көкүрөгүнө түшкөн.
Ал тез арада ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан каза болгон. Маркумдун атасы уулу Индиянын 16 жашка чейинкилер курама командасына кирүүгө даярданып жүргөнүн айткан.
Трагедиядан кийин аймактык спорт министри окуя болгон мектептин спорт инспектору жумуштан четтетилгенин жана мектептин ишмердүүлүгү токтотулганын жарыялады.