Кытайдын Циншупин шаарында 25 жаштагы кыз менен бала тоюна бир күн калганда каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Коомдук коопсуздук органдарынын соттук-медициналык экспертизасы Цзэн менен Яндын бийик имараттан кулап каза болгонун аныктады",- деп айтылат маалыматтарда.
Жигит кокусунан кулап кетип, кыз аны куткарууга аракет кылып, ал дагы түшүп кеткен.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш ишин козгобоону чечишип, жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө урмат көрсөтүүгө жана ушактарды таратпоого чакырышкан.