Кытайдын AgiBot A2 роботу Гиннесстин рекорддор китебине расмий түрдө "дүйнөдөгү эң чыдамкай робот" деп киргизилди. Робот 100 чакырымдан ашык аралыкты өз алдынча, операторлордун жардамысыз басып өткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, робот 106,2 чакырым басып, 130 миңден ашык кадам жасады. Жолдо ал шаардык аймактар, кооз жерлер, улуттук магистралдар, провинциялык жолдор сыяктуу ар кандай кыйын участкаларды жеңиши керек болгон. AgiBot A2 бардык убакта өзүнчө кыймылдап, сенсорлорунун жардамы менен багытын тапты, операторлор ага кийлигишкен жок.
2025-жылы AgiBot бизнес үчүн 1000ден ашык A2 роботун чыгарган, алар товар сорттоо жана азык-түлүк жеткирүү сыяктуу күнүмдүк тапшырмаларды аткара алышат.