Гонконгдо 100дөн ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт эки күндөн кийин өчүрүлдү

Гонконгдогу көп кабаттуу турак жай комплексинен чыккан ири өрт эки күндөн кийин толугу менен өчүрүлдү. Кеминде 128 адам каза болуп, дагы 200гө жакын тургун дайынсыз болууда. Бул макалада Гонконгдун заманбап тарыхындагы эң коркунучтуу өрт тууралуу эмнелер белгилүү болгондугун маалымдайбыз.

Куткаруу операциясы аяктады, каза болгондор 128ге жетти

26-ноябрда Гонконгдогу жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплексинде каза болгондордун саны 128 адамга жетти, болжол менен 200 киши дайынсыз деп эсептелүүдө. Бийлик куткаруу операциясын аяктаганын жарыялады. Жума күнү эртең менен өрт өчүрүүчүлөр калган көп кабаттуу үйлөрдү кайра карап чыгып, тирүү адамдарды табууга акыркы аракеттерин көрүштү. Өрт турак жай комплексининдеги сегиз көп кабаттуу үйдүн жетөөcүн каптап, шаар тарыхындагы эң кооптуу кырсыктардын бирине айланды. Азырынча курман болгондордун бир нечесинин гана аты-жөнү жарыяланды.

Өрт түштөн кийин "Ван Фук Корт" аттуу комплекстен башталган. Турак жайда 4600дөн ашык адам жашачу жана имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан. Комплексти курчап турган бамбуктан жасалган курулуш тепкичтери жана коргоочу тор жабдуусу өрттүн тез жайылышына негизги фактор болгондугу айтылууда. Бүгүн, 28-ноябрда таңга жуук өрт негизинен өчүрүлгөн, бирок айрым батирлерде дагы эле жалын чыгып жатканы кабарланды. Бийлик өрт кайра тутанып кетпеши үчүн толук көзөмөлдөй турганын билдирди.

Каза болгондордун көбү алгачкылардан болуп өрттөнгөн эки көп кабаттуу үйдөн табылды. Калгандарына кирген жашоочулардын көпчүлүгү эвакуацияланган. Курман болгондордун арасында Индонезия жараны бар экени такталды. Мигрант кызматчылар көп жашаган комплекс болгондуктан, 11 индонезиялык жана 19 филиппиндик киши да дайынсыз экени айтылды.

Гонконг акыркы ондогон жылдар ичиндеги көлөмдүү өрттү баштан кечирди

Өрт башталгандан кийинки жарым саатта эле жалын коңшу имаратка өтүп кетти. CNN агенттигине маек берген Ван аттуу тургун окуя боюнча маалымат берди.

Өрт башталган убакта ал үйүндө телевизор көрүп отуруп, сырткы үндөргө маани берген эмес. Бир аз убакыттан кийин жардам сураган кыйкырыктарды угуп, терезеден караганда түтүндү көргөн. Ал эки итин жана документтерин колуна алып, авариялык тепкичтер менен качып чыккан. Бир нече мүнөттөн кийин өрт боюнча "4-деңгээлдеги коркунуч" жарыяланган.

Кийинки бир нече саатта төрт миңден ашык адам жашаган, анын ичинде көптөгөн улгайган тургундар турган комплекс толугу менен жалынга чулганды. Жумуштан же окуудан кайтып келген турак жайдын тургундары шок абалда болушту. Саат 18:00дө кырсыкка эң жогорку "5-деңгээл коркунучу" жарыяланды. Жарандар чаттарда туугандарын издешип, маалымат табууга аракеттенишкен. Эске салсак, бул шаар имарат коопсуздугу боюнча дүйнөдө эң алдынкы сапта турат.

Учурда өрттүн чыгуусуна байланыштуу үч адам кармалганы, кылмыш иши козголгону жана коррупция боюнча иликтөөлөр башталганы айтылууда. Түнү менен баш калкалоочу борбордо түнөгөн Ван жана анын жубайы жүздөгөн тургундар сыяктуу эле жоголгон жакындары тууралуу кабар күтүп турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан