Шри-Ланкада көчкү жана селдин кесепетинен 56 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 20дан ашуун адам дайынсыз жоголуп, 600дөн ашык үй жабыркады. Өлкөдө жамгыр бир жумадан бери тынымсыз жаап, үйлөрдү, талааларды жана жолдорду каптады. Жалпысынан 44 миңден ашуун тургун жабыркаган.
Учурда бардык мамлекеттик мекемелер жана мектептер жабылды. Бийлик жабыркаган райондордон адамдарды эвакуациялоону улантууда.
Куткаруу иштерине 20 миңден ашуун аскер кызматкери тартылды. Өкмөт табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн учурда иш алып барууда.