Түркмөнстанда криптовалюта майнингине жана криптобиржаларга уруксат берилди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөдө криптовалюта майнингине жана криптобиржалардын ишине уруксат берген "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул документ 2026-жылдын 1-январында күчүнө кирет.

Мыйзам виртуалдык активдерди түзүү, чыгаруу, сактоо, колдонуу жана жүгүртүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салат. Криптовалюталар Түркмөнстанда жарандык укуктардын объектиси боло алат, бирок алар төлөм каражаты, валюта же баалуу кагаз катары таанылбайт. Виртуалдык активдер камсыздалган да, камсыздалбаган да болушу мүмкүн.

Майнинг менен жеке ишкерлер жана юридикалык жактар алектене алышат, бирок алар сөзсүз түрдө Түркмөнстандын Борбордук банкы тарабынан электрондук түрдө каттоодон өтүүгө тийиш. Мыйзамда жашыруун майнингге, тагыраагы башка бирөөнүн эсептөө ресурстарын анын макулдугусуз колдонууга тыюу салынат.

Криптобиржалардын жана виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иши Борбордук банк тарабынан лицензияланат. Мындай платформаларда криптокапчык ачуу үчүн колдонуучу толук идентификациядан өтүшү керек.

Криптобиржалар көрсөткөн кызматтарга алмаштыруу, сатып алуу-сатуу, сактоо, өткөрүп берүү, виртуалдык активдерди башкаруу кирет.

Мамлекет криптоплатформалардын милдеттенмелери үчүн же виртуалдык активдердин наркынын төмөндөшү үчүн жоопкерчилик албайт.

Мыйзам ошондой эле криптовалютаны жарнамалоо эрежелерин камтыйт. Жарнамада сөзсүз түрдө каражат жоготуу тобокелдиги жөнүндө эскертүүлөр болушу керек. Ошондой эле бул активдер мамлекет тарабынан колдоого алынбаганын жана расмий төлөм каражаты эместигин көрсөтүү зарыл.

Мындан тышкары, мыйзам криптовалютага байланышкан иш менен алектенген компанияларга өз аттарында жана символикасында "мамлекеттик", "Түркмөнстан", "түркмөн", "улуттук" деген сөздөрдү колдонууга тыюу салат. Ал эми крипто тармагына катышы жок компаниялар "виртуалдык актив", "криптовалюта", "санариптик актив" деген сөздөрдү атында же жарнамасында колдоно алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан