Бир колунан айрылган жаш мугалим: "Протез салдыргандан кийин окуумду улантам"

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Гүлнур Самидинова тууралуу баяндайбыз. Кырсыктын айынан колунан ажырап калган Гүлнур учурда күнүмдүк жашоосун улантуу үчүн протез кийүүгө муктаж болууда.

"Учурда 21 жаштамын. Нарын коллежин бүткөм, Кантта мугалим болуп иштейм. Азыр мектепте Кыргызстандын протезин кийип жүрөм. Окуучуларыма айтсам, көп деле таң калышкан жок. Дубайда тырмак жасап иштейин деп, Казарманга практика кылуу үчүн барган болчумун. Бир айдан кийин Дубайга бармакмын, бирок кырсык болуп кетти", - деди ал.

Ал катуу шамалда темир дарбазага колун кыпчытып алып, оор жаракат алган. Казармандагы дарыгерлер өз учурунда зарыл жардам көрсөтө албагандыктан, ал такси менен колун кучактап шаарга келүүгө мажбур болгон. Натыйжада анын колун сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Азыр Гүлнурга протез алуу үчүн 55 миң доллар керек болууда.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Мбанк 0702-31-14-56

О!Банк 0702 31-14-56

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан